Бишкекте турак жайларды жаңылоо жана көрктөндүрүү иштери уланууда

Коом Загрузка... 27 Июнь 2026 11:10
731417683_1389876339679805_2967116676422037084_n.jpg
copyright icon Бишкек шаарынын мэриясы

Бишкек, 27.06.26. /Кабар/. Бишкекте турак жайларды жаңылоо жана көрктөндүрүү боюнча масштабдуу иштер улантылууда.

Муниципалитеттен билдиришкендей, бул иш-чаралар Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүүнүн алкагында жүргүзүлүүдө.

Мэрия бул иштер коноктордун келишине карата жасалган бир жолку акция эмес, шаардын көрүнүшүн системалуу түрдө жакшыртуучу узак мөөнөттүү программанын башталышы экенин белгилейт. Эл аралык иш-чаралар болгону пландалган өзгөрүүлөрдүн ыргагын гана тездетти.

"Учурда бардык иштер мыйзамга ылайык жүрүп, шаардын 4 районунда тең талаптарга жооп бербеген объекттердин ээлерине алдын ала эскертүүлөр берилип, жаңылоо жана демантаждоо иштери аткарылууда", - деп айтылат маалыматта.