Бишкекте Трансулуттук уюшкан кылмыштуулукка каршы борбор түзүлөт

ШКУ 1 сентябрь 2026 19:30
Бишкекте Трансулуттук уюшкан кылмыштуулукка каршы борбор түзүлөт
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 01.09.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 1-сентябрда Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйынында кыргыз тарап Бишкек шаарында Трансулуттук уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүү борборунун ишин баштоону камсыз кылууга даяр экенин билдирди.

Жыйындын жүрүшүндө ШКУнун Аймактык антитеррордук түзүмүнүн базасында түзүлүп жаткан Коопсуздук чакырыктарына жана коркунучтарына каршы аракеттенүү боюнча Универсалдуу борбор жөнүндө жобону бекитүү тууралуу ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин чечимине кол коюлду.

Бул чечимге кол коюу Универсалдуу борборду ишке киргизүү жана анын курамына кирген бөлүмдөрдүн, анын ичинде Бишкек шаарындагы Трансулуттук уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүү борборунун практикалык ишин баштоо үчүн зарыл болгон укуктук жана уюштуруучулук негизди түзөт.

Бишкек шаарындагы Борбордун ишмердүүлүгү мүчө мамлекеттердин укук коргоо органдарынын практикалык өз ара аракеттенүүсүн координациялоого, биргелешкен операцияларды жана машыгууларды өткөрүүгө, ыкчам маалымат алмашууга, кылмыштуу топтордун мүчөлөрүн издөөгө, кылмыштуу кирешелерди адалдоо каналдарына бөгөт коюуга, ошондой эле адистерди даярдоого багытталат.

Кыргыз тарап Бишкек шаарында Борборду жайгаштыруу үчүн имаратты жана зарыл болгон инфраструктураны даярдоону аяктады, бул анын практикалык ишин баштоого мүмкүндүк берет.

Трансулуттук уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүү борбору Кыргызстандагы ШКУнун туруктуу иш алып барган биринчи түзүмү болот.

Борбордун түзүлүшү Кыргыз Республикасынын ШКУ мейкиндигинде коопсуздукту, туруктуулукту жана туруктуу өнүгүүнү бекемдөөгө кошкон практикалык салымы болот.