Бишкек, 07.11.25. /Кабар/. Бишкекте 8-9-ноябрь күндөрү Тоголок Молдо көчөсүнүн Чүй проспектисинен Фрунзе көчөсүнө чейинки бөлүгү убактылуу жабылат.
Биринчи май райондук администрациясынан билдиргендей, чектөө жол чийиндерин жаңылоого жана пландык оңдоо иштерин аткарууга байланыштуу.
Администрация шаар тургундары менен конокторун каттамдарды алдын ала пландаштырууга чакырып, кыймылдын убактылуу жабылышына байланыштуу мүмкүн болуучу ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт.