Бишкекте таштандыны кайра иштетүүчү дагы бир завод курулат

Коом Загрузка... 13 Февраль 2026 18:06
1763115979_bkAPLGM..2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Бишкек шаарынын мэриясы

Бишкек, 13.02.26. /Кабар/. Бишкек шаарында катуу тиричилик калдыктарын кайра иштетүүчү экинчи эко-технологиялык заводдун курулушу башталат. Бул тууралуу мэриянын жыйынтыктоочу коллегиялык жыйынында борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиев билдирди.

Анын айтымында, Борбор Азиядагы ушул сыяктуу алгачкы ишкананын 2025-жылдын 27-декабрында ишке киргизилиши алгачкы оң натыйжаларын бере баштады.

"Кыска убакыттын ичинде заводдо 80 миң тонна таштанды кайра иштетилди. Объекттин кубаттуулугу суткасына 1000-1200 тоннаны түзөт жана 30 МВт/саатка чейин электр энергиясын иштеп чыгат", - деди ал.

Жунушалиев белгилегендей, 2026-жылы экинчи заводдун курулушу комплекстин жалпы кубаттуулугун суткасына 3000 тоннага чейин жеткирүүгө мүмкүндүк берет.

Муну менен катар эле калаада калдыктарды иргөө жана кайра иштетүү комплексин өнүктүрүү иштери уланууда. Анын кубаттуулугу суткасына 100 тоннаны түзөт.