Бишкекте такси кызматына лицензия берүүнүн тартиби талкууланды

Коом 25 ноябрь 2025 10:55
taksi.jpg
585652420_18438697786100985_306569613164186006_n.jpg
584367204_18438697804100985_4668694005864867129_n.jpg
585167987_18438697801100985_877510374008897467_n.jpg
587504629_18438697813100985_2494944184107115510_n.jpg
Алдыга
Артка
taksi.jpg
585652420_18438697786100985_306569613164186006_n.jpg
584367204_18438697804100985_4668694005864867129_n.jpg
585167987_18438697801100985_877510374008897467_n.jpg
587504629_18438697813100985_2494944184107115510_n.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 25.11.25. /Кабар/. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгында жүргүнчү ташыган такси кызматтарынын өкүлдөрү менен жолугушуу өттү.

Ведомстводон маалымдашкандай, анда айдоочуларга лицензия берүүнүн тартибин күчөтүү маселеси талкууланды.

Жолугушууда лицензиялоо системасын киргизүү такси айдоочуларынын жоопкерчилигин жогорулатып, жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыздоого өбөлгө болору белгиленди. Анткени, буга чейин айрым такси айдоочулардын тажрыйбасынын жетишсиздиги, көзөмөлдүн алсыздыгы, чарчаган же уйку абалында рулга отуруу фактылары бир катар жол кырсыктарына алып келген.

Ошондой эле такси унааларынын техникалык талаптарга жооп бербегени кошумча коркунуч жаратканы айтылды. Бул фактыларды эске алуу менен такси кызматынын ишмердүүлүгүн көзөмөлдөп, лицензия берүү зарылчылыгы келип чыккандыгы белгиленди.

Жыйында айдоочуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, жол кыймылынын эрежелерин так сактоо, унаанын техникалык абалын талапка ылайык кармоо жана лицензиялоо талаптарын аткаруу зарылдыгы эскертилди.

Белгилей кетсек, такси кызматтары үчүн лицензиялар ЖКККББнын бардык аймактык бөлүмдөрүндө тийиштүү документтерди тапшыруу аркылуу берилет.