Суткасына 18 тонна балыкты кайра иштетет: Бишкекте жаңы ишкана ачылды

Экономика 527 24 Июнь 2026 16:40
1.jpg
2.jpg
3.jpg
726564890_4505905739679902_6427049495442549459_n.jpg
728984475_1470446698511322_5827972995248295018_n.jpg
729919401_1343356077760886_2337163634346587370_n.jpg
730437040_1010779125220908_5756521527015895949_n.jpg
730451421_2019611672253011_388610883000625416_n.jpg
731823518_1529711345480037_3456687196249756738_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Айыл чарба министрлиги

Бишкек, 24.06.26. /Кабар/. Бишкек шаарынын Ак-Жол айылында балыкты кайра иштетүүнүн толук циклин камтыган "Вилби" ЖЧКсынын заманбап комплекси расмий түрдө ачылды.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, жаңы ишкана балыкты кайра иштетүүдөн баштап, даяр продукцияларды чыгарууга жана аларды заманбап муздаткычтарда сактоого чейинки бардык этаптарды камтыйт.

Ишкана суткасына 18 тоннага чейин балыкты кайра иштетүүгө жөндөмдүү жана күнүнө 10 тоннага чейин даяр продукция өндүрөт. Заманбап кампалары бир убакта 1500 тонна продукцияны сактай алат. Ишканада 100гө жакын жаңы жумуш орду түзүлдү.

Долбоор өлкөдөгү өндүрүштү модернизациялоонун негизги өнөктөшү болгон Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун каржылык колдоосу менен ишке ашырылды.