Бишкек, 13.05.26. /Кабар/. Бишкек шаарында балык уулоочу синтетикалык торлорду сатууга жана колдонууга бөгөт коюу максатында алдын алуу иш-чаралары өттү. Бул тууралуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынан билдиришти.
Инспекторлор борбор калаадагы аңчылык жана балыкчылык товарларын саткан 5 дүкөндү кыдырып, мыйзам талаптарын түшүндүрүштү.
Белгилей кетсек, 2020-жылдын 28-февралындагы №20 мыйзамга ылайык, синтетикалык торлорду жана электр шаймандарын алып келүүгө, сатууга жана колдонууга толук тыюу салынган.
Мыйзам бузган жеке жактарга 10 миң сом, юридикалык жактарга 28 миң сом айып пул каралган.
Экологдор учурда балыктардын урук чачуу мезгили жүрүп жатканын эскертишет. Жыл башынан бери республика боюнча суулардан 46 миң 300 метр синтетикалык тор жана 1 тоннадан ашык таштанды чыгарылган.
"Бул торлор сууда жылдап калып, балыктарды жана суу жаныбарларын унчукпай өлтүргөн "жашыруун сокку" болуп саналат", - деп айтылат маалыматта.
Кызмат жарандарды жаратылышка аяр мамиле жасап, мыйзамды так сактоого чакырат. Рейддер өлкө боюнча улантылууда.