Бишкекте ШКУнун "Аялдардын лидерлиги" аттуу форуму өтүүдө

Коом 289 26 Июнь 2026 12:20
730109319_1329533572043327_1327153354841769721_n.jpg
730481141_27710865225264866_4411714063074681718_n.jpg
730530283_1021513983932365_5354451205872841434_n.jpg
730608524_5444556675769864_3424590573958149610_n.jpg
730695345_1366747775371669_234441726096013993_n.jpg
730941527_1637607957347152_2938852450241378971_n.jpg
731344405_1498997911490179_6083612123937137553_n.jpg
731541371_1055883827113042_7955050241883310767_n.jpg
732116751_36628190453494190_9152177734627887944_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Эмгек министрлиги

Бишкек, 26.06.26. /Кабар/. Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмунун "Аялдардын лидерлиги" темасындагы аялдар форуму өз ишин баштады.

Эмгек министрлигинен билдиришкендей, иш-чара 26-27-июнда Кыргызстандын 2026-жылы ШКУга төрагалыгынын алкагында өтүүдө.

Форумга ШКУга мүчө мамлекеттердин мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, жарандык коомдун мүчөлөрү, эксперттер, ишкер айымдар жана аялдар кыймылынын лидерлери катышууда.

Жолугушуунун негизги темасы – аялдардын коомдук-саясий жана экономикалык турмуштагы ролун кеңейтүү, ошондой эле аялдардын туруктуу өнүгүү процесстерине катышуусу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүү.

Форумдун алкагында катышуучулар аялдардын лидерлиги, чечим кабыл алуу процесстерине аялдардын катышуусу, экономикалык өнүгүү, гендердик теңчилик жана аймактагы мамлекеттердин ортосундагы кызматташтык маселелерин талкуулашат.