Бишкекте ШКУга мүчө мамлекеттер айыл чарба маселелерин талкуулашат

Коом Загрузка... 13 Апрель 2026 18:00
WhatsApp Image 2026-04-13 at 17.54.33.jpeg
copyright icon WWW

Бишкек, 13.04.26 /Кабар/. Бишкек шаарында 15-16-апрелде Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин айыл чарба министрлеринин 11-кеңешме жыйыны өтөт. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Жыйынга ШКУга мүчө мамлекеттердин айыл чарба тармагына жооптуу жетекчилери катышат. Буга Индия, Иран, Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Пакистан, Россия, Тажикстан, Өзбекстан жана Беларусь кирет.

Анда аймактык жана глобалдык деңгээлдеги айыл чарба тармагынын актуалдуу маселелери талкууланат. Анын ичинде азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо, заманбап агротехнологияларды киргизүү жана агроөнөр жай комплексин туруктуу өнүктүрүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулат.

Ошондой эле ШКУга мүчө мамлекеттердин айыл чарба тармагы боюнча кызматташтыгын тереңдетүү, алдыңкы тажрыйбаларды жана мыкты практикаларды алмашуу маселелери каралат.