Бишкекте ШКУга мүчө өлкөлөрдүн коргоо министрлеринин кеңешмеси башталды

Коом 502 28 Апрель 2026 12:15
1.webp
WhatsApp_Image_8Uqeqv0.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
WhatsApp_Image_CeluWaQ.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
WhatsApp_Image_KXTeWO1.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
WhatsApp_Image_lsT0uDC.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Алдыга
Артка

copyright icon Кабар

Бишкек, 28.04.26. /Кабар/. Бүгүн Бишкектеги "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин кеңешмеси башталды.

Иш-чарага ШКУга мүчө тогуз өлкөнүн коргоо министрлери, Ирандын коргоо министринин орун басары, ошондой эле ШКУнун башкы катчысы Нурлан Ермекбаев катышууда.

Белгилей кетсек, кеңешмеге чейин эки тараптуу жолугушуулар өттү.

Маалымдама: Шанхай кызматташтык уюму – аймактык коопсуздукту бекемдөө максатында 1996-1997-жылдары түзүлгөн "Шанхай бешилтигинин" базасында 2001-жылы негизделген эл аралык түзүм. Ал Кыргызстан, Кытай, Россия, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан, Индия, Пакистан, Иран жана Беларусту кошкондо 10 өлкөнү бириктирет.

Байкоочулар – Афганистан жана Монголия. Диалог боюнча өнөктөштөр – 15 мамлекет.