Бишкек, 16.03.26. /Кабар/. Экономика жана коммерция министрлиги менен BiExpo көргөзмө ишмердүүлүгүн өнүктүрүү боюнча меморандумга кол коюшту.
Ведомстводон билдиришкендей, документке министр Бакыт Сыдыков жана компаниянын директору Виктор Линовицкий кол койду.
Келишимдин алкагында 4–6-июнда Бишкек шаарында эл аралык көп тармактуу өнөр жай көргөзмөсүн өткөрүү пландалууда. Иш-чара **Шанхай кызматташтык уюму**на мүчө мамлекеттердин өнөр жай министрлеринин кеңешмеси менен катар өтөт.
Көргөзмөгө Россия, Беларусь, Өзбекстан, Кытай, Тажикстан жана Казакстан өлкөлөрүнүн ири компанияларынын катышуусу күтүлүүдө.
Министрликтин маалыматына караганда, демилге кыргыз продукциясынын экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жана чет элдик инвесторлорду тартууга багытталган.