Бишкек, 28.12.25 /Кабар/. Бүгүн «Жаштык аренасында» Бишкек шаарынын мэринин жаңы жылдык балатысы болуп өттү.
Иш-чарага Кыргызстандын Балдар укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асел Чынбаева катышты. Майрамга 3000ге жакын бала – окуунун мыктылары, мектеп турмушунун активисттери, конкурстардын жеңүүчүлөрү, ошондой эле көп балалуу жана социалдык жактан аялуу үй-бүлөлөрдүн балдары чакырылган.
Жаш коноктор үчүн майрамдык программа жана балдарды Кыргызстандын маданий мурастары жана каада-салттары менен тааныштырган «Кыргызстандын 7 керемети» аттуу театралдаштырылган жаңы жылдык оюн-зоок уюштурулду.