Бишкекте шаар көркүн бузган жарнамалык конструкциялар демонтаждалууда

Коом 1404 18 Март 2025 10:08
485025952_1081195860722934_4790692808375814550_n.jpg
484445573_1081196157389571_6305688287873858936_n.jpg
484333188_1081195990722921_7402206902684910403_n.jpg
484559077_1081196004056253_6157073493922993845_n.jpg
484494386_1081195970722923_2289684213835176269_n.jpg
484810595_1081195887389598_1676278081947167088_n.jpg
484233764_1081195884056265_8437470774061067024_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы

Бишкек, 18.03.25. /Кабар/. Бишкек шаарында мыйзамсыз орнотулган жарнамалык конструкцияларды, борбордун дизайн кодуна туура келбеген көрнөктөрдү жана баннерлерди демонтаждоо боюнча рейддер уланууда.

Муниципалитеттен билдиришкендей, Свердлов районунда Курманжан Датка көчөсүндө Чүй проспектисинен ГЭС-2 кайрылышына чейин жана Чүй проспектисинин Курманжан Датка көчөсүнөн Ч.Айтматов проспектисине демонтаждоо иштери жүргүзүлдү.

Жыйынтыгында 96 даана жарнамалык конструкциялар демонтаждалып, КР Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 107-беренеси боюнча жалпы суммасы 83 000 сомдук 23 протокол түзүлдү.

Ал эми Октябрь районунун аймагында 72 даана жарнама конструкциялары (баннерлер, мамылар, панно, плакаттар, көлөмдүү тамгалар ж.б.) демонтаждалган. КР Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 107-беренесине ылайык, жалпы суммасы 60 000 сомду түзгөн 12 протокол түзүлдү.

Эске салсак, рейддик иш-чараларды мэриянын Жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгынын адистери «Тазалык» жана «Бишкекбашкыархитектура» мамлекеттик мекемесинин өкүлдөрү менен биргеликте жүргүзүүдө.

Белгилей кетсек, бардык алынган жарнама конструкциялар уруксатсыз орнотулган жана тышкы жарнама жайгаштыруу эрежелерин бузган.