Жол оңдоо иштери: Бишкекте Семетей көчөсүнүн бир бөлүгү жабылды

Коом 29 июнь 2026 11:50
1782628627_large.jpeg
1782628592.jpeg
Алдыга
Артка
1782628627_large.jpeg
1782628592.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 29.06.26. /Кабар/. Бүгүн, 29-июндан тарта Семетей көчөсүнүн Садырбаев көчөсүнөн Чыңгыз Айтматов проспектисине чейинки бөлүгү кыймыл үчүн убактылуу жабылды.

Бишкек мэриясынан билдиришкендей, чектөөлөр курулуш жана реконструкциялоо иштеринин башталышына байланыштуу киргизилди.

"Мэрия шаар тургундарынан  мүмкүнчүлүккө жараша айланып өтүүчү альтернативдик жолдорду колдонууну суранат",-деп айтылат маалыматта.