Бишкекте Сауд өнүктүрүү фондунун эсебинен 14 жаңы мектеп курулат

Коом Загрузка... 22 Январь 2026 18:50
1664361995_UMdBudo.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp

Бишкек, 22.01.26. /Кабар/. Жогорку Кеңештин жыйынында курулуш министринин орун басары Талант Иманакун уулу Бишкек шаарында Сауд өнүктүрүү фондунун каражатынын эсебинен жаңы мектептерди куруу пландалып жатканын билдирди.

Анын айтымында, 2024-жылдын 1-декабрында мамлекеттик мектептерди куруунун биринчи фазасы ийгиликтүү аяктаган. Аталган этаптын алкагында республика боюнча 28 мектеп жана 2 бала бакча курулуп, жалпысынан 30 объект пайдаланууга берилген. Биринчи фазаны ишке ашырууга жалпы 30 млн АКШ доллары жумшалып, каражат Сауд өнүктүрүү фондунан 25 жылдык мөөнөткө, жылдык 1 пайыздык үстөк менен алынган.

Талант Иманакун уулу белгилегендей, экинчи фаза да ушул эле фонд менен түзүлгөн насыялык келишимдин негизинде ишке ашат. Анын көлөмү 50 млн АКШ долларын түзүп, каражат 25 жылдык мөөнөткө, 1,5 пайыздык үстөк менен берилет. Бул акчага Бишкек шаарында 14 жаңы мектеп куруу пландалууда.

“Мектептердин Бишкек шаарына курулуп жатышынын себеби - калктын саны дээрлик 1,5 миллионго жетип, билим берүү мекемелеринде орундардын жетишсиз болуп жаткандыгында", - деди министрдин орун басары.

Ал белгилегендей, Свердлов районундагы 35 мектеп 29 миң 732 окуучуга эсептелген. Бирок учурда анда 66 миң 747 бала билим алууда. Биринчи май районунда 27 мектеп бар, алардын сыйымдуулугу 20 миң 962 окуучуну түзсө, иш жүзүндө 58 миңге жакын окуучу окуйт. Ленин районунда 36 мектеп 30 миң 402 окуучуга ылайыкталган. Бирок азыр 91 миң бала билим алууда. Ал эми Октябрь районундагы 22 мектеп 23 миң окуучуга эсептелсе, учурда анда 44 миң 788 окуучу билим алып жатат.