Бишкек, 14.04.25. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы "Салык Сервис" мамлекеттик мекемеси менен биргеликте "Жасалма интеллектке киришүү: мүмкүнчүлүктөр жана аны практикада колдонуу" темасындагы окутуу семинарын өткөрдү.
Ведомстводон маалымдашкандай, иш-чаранын максаты – кызматкерлердин санариптик сабаттуулугун жогорулатуу, жасалма интеллект жана аны салыктык башкаруу чөйрөсүндө колдонуу жөнүндө базалык билимдерин калыптандыруу болду.
Иш-чара офлайн форматта өтүп, ага Салык кызматынын борбордук аппаратынын, Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймактык башкармалыктарынын 100дөн ашык кызматкерлери катышты.
"Салык Сервис" мамлекеттик мекемесинин адистери катышуучуларга жасалма интеллект жаатындагы негизги түшүнүктөрдү сунуштап, учурдагы заманбап ЖИнин системалары жана алардын процесстерди автоматташтыруу, аналитикалык тактыкты жогорулатуу жана салык төлөөчүлөрдү тейлөөнүн сапатын жакшыртуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу айтып беришти.
Санариптик коопсуздук маселелерине жана интеллектуалдык системалар менен иштөөдө маалыматтарды жоопкерчиликтүү иштетүүнүн маанилүүлүгүнө өзгөчө көңүл бурулду.
Салык кызматы өлкөнүн салык системасын санариптик трансформациялоонун алкагында санариптик технологияларды киргизүү жана кадрдык потенциалды өнүктүрүү боюнча иштерди улантат.