Камсыздандыруунун пайдасы: Өрттөн жабыркагандарга 8 млн сом компенсация төлөндү

Коом 626 26 Февраль 2026 16:50
1772100380 (1).jpg
1772100416.jpg
1772100411.jpg
1772100407.jpg
1772100395.jpg
1772100385.jpg
1772100374 (2).jpg
Алдыга
Артка
1772100380 (1).jpg
1772100416.jpg
1772100411.jpg
1772100407.jpg
1772100395.jpg
1772100385.jpg
1772100374 (2).jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 26.02.26. /Кабар/. Бүгүн Бишкекте өрттүн  кесепетинен батирлери жабыркаган жарандарга камсыздандыруу сертификаттарын тапшыруу аземи  өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, сертификаттарды Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев жана Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун Бишкек филиалынын директору Алима Нурланова тапшырды.

Жалпысынан 8 жаран компенсация алып, ар бирине 1 млн сомдон төлөндү. Камсыздандыруу төлөмдөрүнүн жалпы суммасы 8 млн сомду түздү.

Айбек Жунушалиев мүлктү камсыздандыруунун маанилүүлүгүн белгиледи.

"Кырсык айттырбай  келет. Тилсиз жоо  68 батирге зыян келтирген, бирок алардын ичинен 8и гана Мамлекеттик камсыздандыруу уюму аркылуу камсыздандырылган экен. Биз мүлктү 100% камсыздандыруу милдетин коюп, шаар тургундарын мүлкүн камсыздандырууга чакырабыз", - деди мэр.

Мындан тышкары, Бишкек шаарынын мэриясы өз убагында тиешелүү чечимдерди кабыл алып, дагы өрттөн жабыркаган 22 батирдин жашоочуларына материалдык жардам көрсөткөн.

Эске салсак, 2025-жылдын 15-ноябрында Бишкек шаарындагы Ч. Айтматов проспекти, 16 дарегинде жайгашкан 3 кабаттуу турак жайда өрт чыгып, жалын каптаган аянт болжол менен 800 чарчы метрди түзгөн.