Бишкекте пенсионерлерге "Айтматов" спектакли акысыз көрсөтүлөт

Маданият Загрузка... 17 Март 2026 13:19
Russkiy_teatr_dramy_HesyMOH.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Орус драма театры

Бишкек, 17.03.26. /Кабар/. Ч. Айтматов атындагы улуттук орус драма театрында 21-март күнү саат 15:00дө пенсионерлер үчүн "Айтматов" спектакли акысыз көрсөтүлөт. Бул тууралуу театрдан билдиришти.

"Бул майрам күнү биз сиздерге унутулгус таасирлерди тартуулап, коомдун жашоосуна кошкон салымыңыздар үчүн ыраазычылык билдирүүнү каалайбыз. Нооруз майрамынын урматына сиздер үчүн "Айтматов" спектаклинин кайрымдуулук көрсөтүүсүн даярдадык. Бул улуу жазуучунун дүйнөсүнө сүңгүп, терең мааниден жана актёрлордун эң сонун оюнунан ырахат алуу үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк. Биз сиздер менен жолугушууну чыдамсыздык менен күтөбүз! Майрамдык кубанычты биз менен тең бөлүшүп, позитивдүү эмоцияларды алуу үчүн келиңиздер", – деп айтылат театрдын кайрылуусунда.

Спектаклдин режиссеру – Вячеслав Виттих.

Инсценировканын автору – Артем Бруно.

Спектаклдин узактыгы – 1 саат 20 минут.