Бишкек, 12.02.26. /Кабар/. Бишкекте орточо айлык 54 миң сомдон ашып, акыркы 5 жылда жумушсуздардын саны 2 847 адамга азайды. Бул тууралуу мэриянын коллегиясында Бишкек шаарынын мэринин биринчи орун басары Мирланбек Байгончоков билдирди.
Анын айтымында, 2026-жылдын 1-январына карата расмий катталган жумушсуздардын саны 962 адамды түздү. 2020-жылга салыштырмалуу кыйла кыскарды.
“Бишкек шаарында орточо айлык эмгек акы акыркы 5 жылда 2,4 эсеге көбөйдү. 2025-жылдын январь–ноябрь айларында орточо айлык эмгек акы 54 672,9 сомду түзүп, 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 24,4%га жогорулады", - деди ал.
Ошондой эле Байгончоков Бишкек шаарында акыркы 5 жыл ичинде жашоо минимуму 169,4%га өстү.
"2025-жылы бир адамга эсептегенде жашоо минимуму 8 984,12 сомду түзүп, 2024-жылга салыштырмалуу 10,0%га жогору болду”, - деп белгиледи ал.