Бишкекте Орозо айтта №38 жана №203 автобустары бекер кызмат көрсөтөт

Коом Загрузка... 19 Март 2026 14:10
автобус_мэрия3.jpg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 19.03.26. /Кабар/. Эртең, 20-мартта Орозо айт майрамына карата Бишкек шаарындагы эки линиядагы автобустар жүргүнчүлөргө акысыз кызмат көрсөтөт. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, муфтийдин демилгеси менен уюштурулган бул акциянын алкагында №38 жана №203 багытындагы 50 автобус таңкы саат 05:00дөн түшкү 12:00гө чейин жарандарды акысыз ташымакчы.

Акысыз автобус каттамын уюштуруунун максаты — Айт намазына келген шаар тургундарына жана конокторуна майрамдык маанай тартуулоо, ошондой эле ыйык майрамдын руханий баалуулуктарын даңазалоо болуп саналат.

Эскерте кетсек, Бишкек шаарында Орозо айт намазы эртең, 20-мартта Турдакун Усубалиев атындагы эски аянтта окулат.

Орозо айт намазынын программасы (Бишкек шаары):

  • 07:00 – 07:30 — Куран окуу;
  • 07:30 – 07:40 — Модератор Шүкүр Исмаилов;
  • 07:40 – 08:10 — Диний баяндар (Жолдошбек Абдылдаев, Бакыт Кайкиев);
  • 08:10 – 08:30 — Муфтийдин сөзү: Айт намазын окуу тартиби жана эрежелери;
  • 08:20 – 08:30 — Саптан сап айтуу;
  • 08:30 – 08:50 — Айт намазын окуу жана майрамдык дуба кылуу.

Ал эми аймактарда Орозо айт намазы мечиттерде окулат.

  • 07:30 – 08:00 — Куран окуу;
  • 08:00 – 08:25 — Диний баяндар;
  • 08:25 – 08:30 — Айт намазын окуу тартиби жана эрежелери боюнча түшүндүрмө берүү;
  • 08:30 — Айт намазын окуу.

Белгиленгендей, тоолуу аймактардын өзгөчөлүгүнө байланыштуу жогоруда көрсөтүлгөн убакыттардын бир аз айырмаланышына уруксат берилет.