Бишкекте окуучулар аскердик техникалар менен таанышты

Коом 747 24 Март 2026 16:45
1.jpg
657176331_1430391892434240_5900125411941131777_n.jpg
657247321_1430392022434227_6030542262136597476_n.jpg
657290925_1430391895767573_7180634865029874530_n.jpg
657295817_1430392135767549_3136034815716792638_n.jpg
657367614_1430392069100889_4253708906953537133_n.jpg
657472605_1430391852434244_332725228956162922_n.jpg
658774990_1430391942434235_6320207547340997963_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Коргоо министрлиги

Бишкек, 24.03.26. /Кабар/. Бүгүн Бишкектеги 23565 аскер бөлүгүнүн аймагында окуучулар үчүн "Ачык эшиктер күнү" өткөрүлдү. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен билдиришти.

Анын алкагында №57 мектептин 9-11-класстарынын 145 окуучусу Куралдуу Күчтөрдүн Абадан кол салуудан коргоо күчтөрүнүн командачылыгынын аскер кызматчылары жана аскер бөлүктүн өздүк курамы менен жолугушту.

Андан соң окуучулар үчүн күжүрмөн даярдыктын элементтери көрсөтүлгөн окуу пункттары уюштурулуп, ошондой эле авиациялык техникалардын көргөзмөсү өткөрүлдү.

"Иш-чара өсүп келе жаткан муундун Мекенге болгон сүйүүсүн тереңдетүү, патриоттук сезимин ойготуу жана аскердик кызматка болгон урмат-сыйын калыптандыруу максатында уюштурулду",-деп айтылат маалыматта.