Бишкек, 11.10.25. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 15-30-октябрында Бишкекте 10 миңден ашуун ар түрдүү дарактардын көчөттөрүн отургузуу боюнча иш-чаралар өткөрүлөт. Бул тууралуу шаардагы абанын булгануу деңгээлин төмөндөтүү маселеси талкууланган жыйында мэрдин орун басары Рамиз Алиев билдирди.
Жыйын мэр Айбек Жунушалиевдин төрагалыгы алдында өтүп, шаардагы абанын булгануу деңгээлин төмөндөтүү маселеси талкууланды.
Алиев Бишкек шаарынын "жашыл аймак" долбоорун ишке ашыруу боюнча комплекстүү чаралар иштелип жатканын, узак убакыт түтөп келген Бишкек санитардык полигонундагы өрт толугу менен өчүрүлүп, ыштын деңгээли бир кыйла төмөндөгөнүн айтты.
Анын айтымында, ЮНЕП, БУУӨП, ЮНИСЕФ, Эл аралык миграция уюму, Дүйнөлүк банк жана АБР сыяктуу эл аралык уюмдардын маалыматына ылайык, булгануунун негизги булактары төмөнкүлөр:
- турак үйлөрдү жылытуу — 29%;
- транспорт — 27%;
- шамал көтөргөн чаң — 21%;
- ЖЭБ жана казандардан чыккан түтүн — 11%;
- өнөр жай ишканалары — 2%.
Жыйында абанын булгануусун алдын алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер талкууланып, анын жыйынтыгы менен бир катар тапшырмалар берилди.