Экокеңешмеде Бишкекте абанын булгануусун азайтуу чаралары талкууланды — Кабар

Экокеңешмеде Бишкекте абанын булгануусун азайтуу чаралары талкууланды

Дүйнө 11 октябрь 2025 13:35
561354297_1265191502323368_3973917519247999238_n.jpg
559441645_1265191192323399_554601453528292109_n.jpg
561061701_1265191425656709_1920930181428401858_n.jpg
561105019_1265191902323328_4298227785822094994_n.jpg
561156396_1265191415656710_331805918803259949_n.jpg
561178830_1265191215656730_2527110136493602937_n.jpg
561196028_1265191662323352_3618528635155277731_n.jpg
561232960_1265191658990019_8949315160935471066_n.jpg
561244894_1265191642323354_4086047519257284680_n.jpg
561250854_1265191135656738_1522586383835649961_n.jpg
561262178_1265191308990054_2562623941200974705_n.jpg
561262745_1265191548990030_4637353561579104054_n.jpg
561270856_1265191205656731_8619995247133433559_n.jpg
561374568_1265191122323406_2927140561758003653_n.jpg
561725822_1265191288990056_5464577312036107027_n.jpg
561726026_1265191772323341_4451888979511931233_n.jpg
561748281_1265191325656719_2756718102566901431_n.jpg
561986524_1265191538990031_1571652781936288052_n.jpg
562352971_1265191138990071_3794752855306180436_n.jpg
562365347_1265191398990045_3010434053257311211_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Бишкек шаарынын мэриясы

Бишкек, 11.10.25. /Кабар/. Бишкек жылуулук электр борбору муниципалдык ишканасынын аймагында мэр Айбек Жунушалиевдин төрагалыгы алдында өткөн коллегия жыйынында шаардагы абанын булгануу деңгээлин төмөндөтүү маселеси талкууланды.

561262745_1265191548990030_4637353561579104054_n.jpg

Муниципалитеттин маалыматына караганда, 2024/2025-жылдардын күз-кыш мезгилинде атмосфералык абада булгоочу заттардын концентрациясынын жол берилген чегинен кыйла ашып кеткендиги байкалган, бул калктын ден соолугуна, экологиялык кырдаалга жана борбордун имиджине терс таасир тийгизүүдө.

561748281_1265191325656719_2756718102566901431_n.jpg

Мэрдин орун басары Рамиз Алиев Бишкек шаарындагы абанын булгануу деңгээлин азайтуу боюнча учурдагы иштер тууралуу маалымат берди.

561105019_1265191902323328_4298227785822094994_n.jpg

Анын айтымында, ЮНЕП, БУУӨП, ЮНИСЕФ, Эл аралык миграция уюму, Дүйнөлүк банк жана АБР сыяктуу эл аралык уюмдардын маалыматына ылайык, булгануунун негизги булактары төмөнкүлөр:

  • турак үйлөрдү жылытуу — 29%;
  • транспорт — 27%;
  • шамал көтөргөн чаң — 21%;
  • ЖЭБ жана казандардан чыккан түтүн — 11%;
  • өнөр жай ишканалары — 2%.

Шаарда жалпы 1460 автобус бар, анын 1340 газ менен, ал эми 120сы электр менен иштейт.

561374568_1265191122323406_2927140561758003653_n.jpg

Экокеңештин чечимдеринин алкагында 2025-жылдын 15-30-октябрында 10 миңден ашуун ар түрдүү дарактарды отургузуу боюнча иш-чаралар өткөрүлөт.

Бишкек шаарынын "жашыл аймак" долбоорун ишке ашыруу боюнча комплекстүү чаралар иштелип жатканы, узак убакыт түтөп келген Бишкек санитардык полигонундагы өрт толугу менен өчүрүлүп, ыштын деңгээли төмөндөгөнү айтылды.

561061701_1265191425656709_1920930181428401858_n.jpg

Ошондой эле жалпы аянты 12 гектар болгон таштандыларды утилдештирүү аркылуу электр энергиясын өндүрүүчү заводдун курулуш иштери жүрүп жатат. Анда:

  • катуу тиричилик калдыктарын кайра иштетүү кубаттуулугу — суткасына 3000 тонна;
  • электр энергиясын өндүрүү кубаттуулугу — саатына 24 000 кВт болмокчу.

Бүгүнкү күндө 22 муниципалдык казан көмүрдөн жаратылыш газына өткөрүлүп, жыл сайын 3,6 миң тонна көмүрдүн керектөөсүн азайтууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Аба сапатын жакшыртуу боюнча МВКнын алкагында Бишкек шаарындагы жеке автоунааларга катализаторлорду орнотуу механизмин иштеп чыгуу демилгеси көтөрүлөт.

Бишкек мэриясы шаар тургундарын "Атмосфералык абаны коргоо боюнча айрым чаралар жөнүндө" токтомуна ылайык көмүрдүн майдасын сатуу жана колдонууга чектөө чараларын сактоого чакырат.

562352971_1265191138990071_3794752855306180436_n.jpg

Бул чаралар борбордогу абанын булгануусун азайтууга багытталып, майда көмүрдү сатуу, сактоо жана колдонууга катуу чектөөлөрдү камтыйт.

Муниципалдык инспекцияга таштандыларды жана сапатсыз көмүрдү жагуу учурларын көзөмөлгө алуу боюнча чараларды күчөтүү тапшырылды.

Мэрдин орун басарынын баяндамасынын жыйынтыгында төмөнкү тапшырмалар берилди:

  • көмүр менен иштеген отканаларды көзөмөлдөөнү күчөтүү жана аларды газга жана электр энергиясына өткөрүү;
  • чакан ишканалардагы экологиялык нормаларды мониторинг кылуу;
  • мыйзамсыз көмүр сатууну токтотуу;
  • эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү.

Транспорт департаментине — экологиялык автобустардын санын көбөйтүү жана транспорттун техникалык абалын көзөмөлдөө тапшырылды.

Социалдык өнүктүрүү башкармалыгына аз камсыз болгон жарандарга колдоо көрсөтүү чараларын иштеп чыгуу милдети жүктөлдү.

Ал эми шаардык чарба департаменти абанын сапатын үзгүлтүксүз мониторинг кылып турат.