Эмгек рыногу санариптештирилүүдө: эми жумушту үйдөн чыкпай издөөгө болот

Коом 30 сентябрь 2026 18:50
Эмгек рыногу санариптештирилүүдө: эми жумушту үйдөн чыкпай издөөгө болот

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Кыргызстанда жумуш издөө, ишке орношуу жана иш берүү процесстерин жөнөкөйлөтүүгө багытталган жаңы санариптик платформалар ишке кирди. Муну менен эмгек рыногундагы бош орундар, кадрларга болгон суроо-талап жана иш берүүчү менен кызматкердин ортосундагы мамилелерди электрондук форматка өткөрүү иштери башталды.

Жумуш издөө эми онлайн жүргүзүлөт

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына ылайык, Jumush.gov.kg жана Find-Ish.gov.kg платформалары 22-июлдан тарта пилоттук режимде иштеп келсе, бүгүнкү күндөн тарта толук ишке кирди. Министрликтин Иш менен камсыздоого көмөктөшүү башкармалыгынын башчысы Наргиза Туркебекованын айтымында, платформалар Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен Башкы прокуратуранын алдындагы “Укук” мамлекеттик мекемесинин биргелешкен ишинин негизинде түзүлгөн.

“Бул жөн гана кезектеги электрондук сервис эмес, бул — Кыргызстандын эмгек рыногунун бирдиктүү, заманбап санариптик экосистемасы. Бүгүнкү күндө миңдеген мекендештерибиз татыктуу жумуш издеп жатса, экинчи тарапта иш берүүчүлөр квалификациялуу адистерге муктаж болууда. Мамлекеттин негизги милдети — ушул эки тарапты максималдуу түрдө ачык, тез жана натыйжалуу байланыштыруу”, - деди Туркебекова.

Жумуш издеген жарандар бош жумуш орундарын платформадан онлайн көрүп, министрликтин аймактык бөлүмдөрүнө барбастан электрондук түрдө жумуш издөөчү катары катталып, акысыз арыз бере алышат.

Миграция тармагы жана социалдык маселелер боюнча эксперт Улан Шамшиев “Кабар” агенттигине билдиргендей, Jumush.gov.kg жана Find-Ish.gov.kg платформаларынын артыкчылыктарынын бири — иш берүүчүлөр менен жумуш издеген жарандарды түз байланыштыруу менен катар, жарыяланган бош орундардагы эмгек шарттарынын мыйзам талаптарына шайкештигин мамлекеттик деңгээлде камсыз кылууга мүмкүнчүлүк түзүлүшү.

“Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тарабынан эки жылдан бери долбоор катары иштелип келген көп тармактуу Jumush.gov.kg менен Find-Ish.gov.kg аталган социалдык тармак катары позицияланган жаңы платформа ишке берилди. Анткени, биринчиден, ал жерде иш издеген адамдар каттала алат. Экинчиден, жумуш берүүчүлөргө да ал жерде өзүнө ылайыктуу адистерди издегенге мүмкүнчүлүк, шарт түзүлөт. Платформага катталып, өзүнүн вакансияларын ошол жерге жарыялап, өзүнө тиешелүү адистерди табууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Бул платформанын артыкчылык багыттары — мамлекеттик деңгээлде иштелип чыккандан кийин мамлекет тарабынан кепилденет. Ал жердеги иш берүүчүлөрдүн шарттары, алардын биздин эмгек мыйзамдарына, эмгек укуктарына ылайыктуулугу боюнча мамлекеттик органдар кепилдик берип турат. Биздин өлкөдө мындай электрондук платформалар абдан аз, 2-3 жеке менчик коммерциялык багыттагы сайттар бар. Алардын өзүнүн кемчиликтери, артыкчылыктары бар. Ошондуктан азыркы санарип платформа мамлекеттик органдарга да, иш берүүчүлөргө да, жарандарга да иштөө үчүн ыңгайлуу болот”,- деди Шамшиев.

Порталдын алгачкы жыйынтыгы кандай?

Маалымдалгандай, Jumush.gov.kg жана Find-Ish.gov.kg платформалары пилоттук режимде иштей баштагандан бери аларга 1 миң 29 колдонуучу катталган. Арасында иш берүүчүлөр жана жумуш издеген жарандар бар. Ошондой эле 121 ишкана катталып, алар тарабынан 176 бош жумуш орду жарыяланган.

Министрлик иш берүүчүлөрдү бош жумуш орундарын порталдарга өз убагында жайгаштырып, маалыматтарды дайыма жаңылап турууга чакырат. Жумуш издеген жарандарга да резюмелерин порталга жайгаштыруу сунушталууда. Мындай маалыматтардын топтолушу эмгек рыногундагы реалдуу суроо-талапты көрүүгө гана эмес, аймактардагы кадр тартыштыгын аныктоого да шарт түзмөкчү.

Эмгек рыногунда кайсы адистерге суроо-талап жогору?

Бишкекте өткөн брифингде кабарлангандай, платформалардын мааниси бош жумуш орундарын жарыялоо менен гана чектелбейт. Алар аркылуу эмгек рыногундагы суроо-талапты талдап, кайсы кесиптерге муктаждык жогору экенин аныктоого мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Министрликтин өкүлү белгилегендей, сентябрь айына чейинки отчеттук мезгилде Кыргызстанда 19 миңден ашуун бош жумуш орду катталган. Алардын 68 пайызын жумушчу кесиптер түзгөн.

“Жыйналган 19 миңден ашуун бош жумуш ордунун 68 пайызы жумушчу кесиптерге туура келет. Айрыкча курулуш тармагында адистерге суроо-талап жогору болууда. Өлкөдөгү ипотекалык үйлөрдүн курулушу жана башка курулуш багытынын өнүгүшү менен бул тармакта көптөгөн адистер талап кылынууда”, - деди Туркебекова.

Эксперт Улан Шамшиев Кыргызстандын экономикасы акыркы 5 жылдын ичинде абдан өскөнүн белгилеп, бирок ошол эле кезде биздин эмгек акынын көлөмү экономиканын шарттарына бир аз дал келбей жатканын айтты.

“Баары бир инфляцияга, күнүмдүк чыгымдарга жараша биздин эмгек акыбыздын көлөмү аз болуп жатат. Ошондуктан өлкөгө кайтып келген жарандар бирөөгө эмес, көбүнчө өз алдынча иштөөгө аракет кылышат. Мисалы, чет элден келген жарандарды биздеги эмгек акы кызыктырат. Чет элдиктерге биздин эмгек акынын көлөмү ылайыктуу болгону менен биздин жарандарга коп учурда ылайыксыз болууда. Алар экономикалык абалын сактап калуу үчүн эмгек акысы жогору болгон жумуштарды издешет. Бирок, андай иш орундары Кыргызстанда азырынча жетишсиз. Мисалы, айына 60-70 миң сомдон өйдө айлыгы бар жумуш орундары аз. Орто эсеп менен 19 миң иш ордунун ичинде 20-35 миң сомго чейин эмгек акы сунуштаган жумуштар басымдуулук кылат”,- деди эксперт.

Өлкөдө 6 миңден ашуун жаран кесиптерге окутулду

Эмгек рыногунда кайсы кесиптерге суроо-талап жогору экенин аныктоо менен катар, ошол адистерди даярдоо иштери да жүргүзүлүүдө. Министрликтин маалыматы боюнча отчеттук мезгилде 6 миңден ашуун жумушсуз жаран эмгек рыногунда талап кылынган кесиптерге окутулуп, тиешелүү адистиктерди алышкан. Мында окуулардын мөөнөтү кесиптин өзгөчөлүгүнө жараша 1 айдан 3 айга чейин созулат. Маселен, курулуш тармагында ширетүүчүлөргө суроо-талап жогору болгондуктан, бул адистик боюнча үч айга эсептелген окуулар өтөт.

“Жумушсуз жарандарды окутуу, кайра окутуу жана кесиптик билимин жогорулатуу калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүүдөгү активдүү чаралардын бири болуп саналат. Бул аракеттер келечекте кесиптик билим берүүнү, кадрларды даярдоону жана мамлекеттик жумуш менен камсыз кылуу саясатын эмгек рыногунун талабына ылайык багыттоого жардам берет”, - деди министрликтин өкүлү.

Кийинки этап — электрондук эмгек келишими

Эмгек рыногун санариптештирүүнүн кийинки этабында жеке сектор үчүн “Электрондук эмгек келишими” жана “Электрондук эмгек китепчеси” модулдарын киргизүү пландалууда. Министрликтин Эмгек башкармалыгынын башчысы Бермет Карабаеванын маалыматына ылайык, электрондук эмгек келишими боюнча система азыр тесттик режимде иштелип жатат.

“Жаңы механизмде иш берүүчү Find-Ish.gov.kg жана Jumush.gov.kg порталына бош жумуш ордун жайгаштырганда, ага жооп берген талапкер тууралуу маалымат автоматтык түрдө иш берүүчүнүн HR-системасындагы жеке кабинетинде көрсөтүлөт. Кадрлар боюнча адис талапкердин иш таржымалын карап чыгып, ылайыктуу деп тапса, бир баскыч менен ага эмгек келишимин жөнөтө алат. Кызматкер келишимдин шарттары менен таанышып, макулдугун электрондук түрдө билдиргенден кийин келишим түзүлүп, жаран жумушка кабыл алынат. Эгер талапкер иш берүүчүгө ылайыктуу болсо, кадрлар боюнча адис бир баскыч менен ага эмгек келишимин жөнөтөт. Кызматкер келишимдин шарттары менен таанышып, макул болгон учурда өзүнүн макулдугун электрондук түрдө жөнөтөт. Ушундай жол менен электрондук эмгек келишими түзүлүп, жаран жумушка кабыл алынат”, - деди Карабаева.

Андан тышкары, өлкөдө жеке сектор үчүн "Электрондук эмгек келишими" жана "Электрондук эмгек китепчеси" модулдарын киргизүү пландалууда. Маалым болгондой, мамлекеттик кызматкерлер буга чейин электрондук эмгек китепчелерине өтүшкөн. Негизи Эмгек кодексинде эмгек китепчесин кагаз жана электрондук түрдө жүргүзүү мүмкүнчүлүгү каралган.