Бишкекте ноябрга чейин 38 жаңы трансформатор орнотулат

Коом 266 29 Июнь 2026 15:10
731292821_18141903358529439_8354432764742535036_n.jpg
730001588_18141903331529439_6656090502726835052_n.jpg
730294657_18141903355529439_6611944232402261306_n.jpg
731058937_18141903352529439_1691029074030043739_n.jpg
731199625_18141903361529439_6007988992095314301_n.jpg
732435592_18141903370529439_5609472648362134628_n.jpg
733890386_18141903379529439_2762895356196590782_n.jpg
733977244_18141903316529439_8893399849713384319_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Бишкек ЭТИ

Бишкек, 29.06.26. /Кабар/. Бишкек шаарында 2026-2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык көрүү максатында энергетикалык инфраструктураны жаңылоо иштери активдүү жүрүүдө. Бул тууралуу Бишкек электр тармактар ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ишкананын балансында 2 248 трансформатор бар. Жыл соңуна чейин алардын бардыгы техникалык тейлөөдөн жана оңдоодон өткөрүлөт.

"Программанын алкагында жалпысынан 38 жаңы трансформатор орнотулуп, эскирген 31 комплекттүү трансформатордук көмөк чордондун жабдуулары алмаштырылат. Ошондой эле шаар боюнча 278 темир-бетон мамы орнотулуп, кабелдик жана аба чубалгылары реконструкцияланат", — деп айтылат маалыматта.

Аймактар боюнча трансформаторлорду жаңылоо планы:

  • Чыгыш РЭТ: 113 трансформаторду оңдоо жана 25 жаңысын орнотуу;
  • Батыш РЭТ: 100 трансформаторду оңдоо жана 3 жаңысын орнотуу;
  • Түндүк РЭТ: 85 трансформаторду оңдоо жана 10 жаңысын орнотуу.

Пландалган бардык курулуш-монтаждоо жана оңдоо иштери ушул жылдын ноябрь айына чейин толугу менен аяктайт.