Бишкекте Нооруздун көркү – сүмөлөк жасалууда

Коом Загрузка... 19 Март 2026 15:00
WhatsApp Image 2026-03-19 at 14.05.15.jpeg
copyright icon Жээнбек Сагыналиев

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 18.03.26 /Кабар/. Бишкек шаарындагы Ленин районунун 102-муниципалдык-аймактык башкармалыгы тарабынан Нооруз майрамына карата сүмөлөк жасалууда.

Нооруздун негизги азыгын жасоонун алдында, сүмөлөк бышыруунун эрежесине ылайык, боорсок бышырылды.

Андан соң элечек кийген байбичелер тилектерин айтышып, бата тиленгенден кийин сүмөлөктүн негизги азыктары казанга салынды.

Алдын ала тартылып алынган буудайдын суусу куюлуп аралаштырылгандан кийин, казандын түбүнө ырымдалып 41 таш салынды.

Бишкек шаарынын тургуну Кыялбүбү Алымбаеванын айтымында, сүмөлөк жасардан мурун ага кошула турган буудай алдын ала өндүрүлөт. Жасала турган күнү ал майдаланып, суусу алынат. Ага башка дагы кургатылган жемиштер кошулат. Ырымдалып түбүнө таш салынат.

Ошентип, 12 саат кайнатылган соң үстү жабылып 4-5 саат турат. Мындан кийин гана аны ачууга болот.

“Ар бир азыгы салынып, дегеле ар бир ишин жасап жатканда тилектер айтылып турат. Жакшы тилектер айтылып, элге журтка тынчтык, ырыскы, токчулук жана береке тиленет”,-деди ал.

Ленин районунун 102-муниципалдык-аймактык башкармалыгын башчысы Анаркүл Касымованын айтымында, алардын үйүндө алгач ирет сүмөлөк кайнатылып жатат.

“Биз үчүн кубанычтуу күн болуп жатат. Толкунданып жатабыз. Бул жөрөлгөнү мындан ары да улантып, жыл сайын сүмөлөк бышырып, кыз-келиндериме үйрөтсөм деп ниеттененип жатам”,-деди Касымова.

Белгилей кетсек, ушул күндөрү өлкөнүн ар кайсы аймактарында Ноорузга карата сүмөлөк жасалууда.

Эске салсак, 21-мартта Нарын шаарында Нооруз майрамы республикалык деңгээлде белгиленет. Анын алкагында "Мыкты сүмөлөк" сынагы өткөрүлөт. Ага Нарын облусунун бардык райондорунун өкүлдөрү катышып, бир убакта 40 казан сүмөлөк кайнатышат. Сынактын жеңүүчүсүнө 100 миң сом, экинчи орунга 50 миң сом, ал эми үчүнчү орунга 30 миң сом өлчөмүндө байге каралган.