Бишкекте Мыктыбек Абдылдаевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү

Коом 10 Июнь 2026 12:50
6a28ff4e60ef3.jpg
6a28ff4e1ff9a.jpg
6a28ff4e614ee.jpg
6a28ff4eab98a.jpg
6a28ff4e1e5cc.jpg
6a28ff4dd9cd2.jpg
6a28ff4dd8911.jpg
6a28ff4d9deb8.jpg
6a28ff4d6c4a4.jpg
6a28ff4d6a0a6.jpg
6a28ff4d255d9.jpg
6a28ff4d209d9.jpg
6a28ff4cd7d7a.jpg
6a28ff4cd72a8.jpg
6a28ff4c91f96.jpg
6a28ff4c8e5ed.jpg
6a28ff4c3f91b.jpg
6a28ff4c3f93a.jpg
Алдыга
Артка
6a28ff4e60ef3.jpg
6a28ff4e1ff9a.jpg
6a28ff4e614ee.jpg
6a28ff4eab98a.jpg
6a28ff4e1e5cc.jpg
6a28ff4dd9cd2.jpg
6a28ff4dd8911.jpg
6a28ff4d9deb8.jpg
6a28ff4d6c4a4.jpg
6a28ff4d6a0a6.jpg
6a28ff4d255d9.jpg
6a28ff4d209d9.jpg
6a28ff4cd7d7a.jpg
6a28ff4cd72a8.jpg
6a28ff4c91f96.jpg
6a28ff4c8e5ed.jpg
6a28ff4c3f91b.jpg
6a28ff4c3f93a.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 10.06.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев мамлекеттик жана саясий ишмер Мыктыбек Абдылдаевди акыркы сапарга узатуу жана аза күтүү иш-чарасына катышты. 

Минкаб башчысы Адылбек Касымалиев көрүнүктүү мамлекеттик ишмер, Жогорку Кеңештин бир нече чакырылышынын депутаты, милициянын генерал-лейтенанты, Мыктыбек Абдылдаевдин жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун атынан көңүл айтуу сөзүн окуду. 

“Мыктыбек Юсуповичтин өмүрү укук коргоо жана прокуратура кызматы менен тыгыз байланышта өттү. Көп жылдык мазмуундуу ишмердиги, кесипкөй тажрыйбасы менен мыйзамдуулуктун чыңдалышына, мамлекеттүүлүктүн бекемделишине жарандардын кызыкчылыктарын коргоого олуттуу салым кошту. Трибунадагы коңур үнү, чайпалгыс токтоолугу, таптап, салмактап, аргументтеп сүйлөгөн сөздөрү, көтөргөн орчундуу көйгөйү жана анын чечүүчү жолдорун сунуштаган учурлары, атүгүл тыкан турган турпаты карапайым элибиздин жүрөгүндө сакталарына бекем ишенем”-деп айтылат президент Садыр Жапаровдун көңүл айтуу сөзүндө.

Коомдук, мамлекеттик ишмер Мыктыбек Абдылдаев 8-июнда дүйнөдөн кайткан.