Бишкекте мыйзамсыз курулуш жүргүзгөн жаран 200 миң сом айыпка жыгылды

Коом Загрузка... 09 Июнь 2026 13:45
copyright icon Курулуш министрлиги

Бишкек, 09.06.26. /Кабар/. Бишкек шаарында курулуш эрежелерин бузгандарга ири өлчөмдө айып пул салынды.

Курулуш министрлигинен билдиришкендей, текшерүүнүн алкагында Карасаев көчөсү, 74 дарегинде жайгашкан 9 кабаттуу конок үйдүн курулушунда мыйзам бузуулар катталган. Аталган объектте "Мамлекеттик бирдиктүү курулуш реестрине" катталбастан, жер казуу иштери жүргүзүлгөнү аныкталды.

Бул мыйзам бузуу боюнча курулуш иштерин жүргүзгөн М. М. А. аттуу жаранга карата акт түзүлүп, кемчиликтерди жоюу боюнча көрсөтмө берилди. Ошондой эле протокол толтурулуп, 200 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.