Бишкекте мыйзамсыз курулуш жүргүзгөн компанияга 423 миң сом айып салынды

Коом 14 ноябрь 2025 13:55
581910312_18085000940068772_4023715673677903991_n.jpg
582281680_18085000949068772_673058061364813157_n.jpg
582332841_18085000958068772_8191609839254317535_n.jpg
582642091_18085000931068772_1459310555155383138_n.jpg
Алдыга
Артка
581910312_18085000940068772_4023715673677903991_n.jpg
582281680_18085000949068772_673058061364813157_n.jpg
582332841_18085000958068772_8191609839254317535_n.jpg
582642091_18085000931068772_1459310555155383138_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги

Бишкек, 14.11.25. /Кабар/. Бишкекте курулуш компанияларынын бирине 423 миң сом айып салынып, иши токтотулду. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.

Курулуш объектилерин текшерүүдө Токмок көчөсү 45, 47 жана Загорская көчөсү 22, 24 дарегинде курулуп жаткан 9 кабаттуу турак үйдө курулуш нормаларынын бузулгандыгы жана долбоордон сырткары иш жүргүзүлгөндүгү аныкталган.

Ошондой эле Мичурин 27 дарегинде курулуп жаткан 9 кабаттуу объектиде дагы долбоордон сырткары курулуш иштери жүргүзүлгөн. Натыйжада эки объектинин курулуш иштерин жүргүзгөн "Стальмонтаж плюс" ЖЧКсына карата башкармалык тарабынан акт түзүлүп, 423 миң сом сом өлчөмүндө айып салынды.

Ошондой эле башкармалык тарабынан жазуу түрүндө эскертүү берилип, компаниянын лицензиясы курулуш объектиси долбоорго ылайык келтирилгенге чейин токтотулду.