Бишкек, 29.09.26. /Кабар/. Бишкекте мыйзамсыз алынган жалпы көлөмү 5 тоннаны түзгөн эндик өсүмдүгүнүн тамырлары мыйзам талаптарына ылайык жок кылынды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, эндиктин тамырлары буга чейин Бишкектин Пригород айылында сатууга жана Кыргызстандан алып чыгып кетүүгө даярдалып жаткан жеринен аныкталып, алынган.
Соттун чечимине жана экологиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, өсүмдүктүн тамырлары тиешелүү комиссиянын катышуусунда Бишкек санитардык полигонунун таштандыны кайра иштетүүчү заводунун аймагында толугу менен өрттөлүп жок кылынды.
Министрлик эндик сейрек кездешүүчү жана баалуу жаратылыш ресурстарынын бири экенин белгилеп, аны мыйзамсыз казып алуу, жыйноо жана сатууга каршы көзөмөл иштери улантыларын билдирди.