Бишкек, 26.02.26. /Кабар/. Бишкек шаарында лицензиясы жок накталай чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөн жарандарга айып пул салынды. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.
Маалыматка ылайык, мыйзам бузуулар атайын көзөмөл иш-чараларынын алкагында аныкталган.
Кыргызстандын мыйзамдарын бузгандыгы үчүн төмөнкү жарандардын ар бирине 17 миң 500 сомдон айып пул салынды: К.Н.Б., А.Б.М., К.у.Д., И.У.Ж., С.А.Н., Т.Э.А., Т.Э.А., С.А.Н., К.у.А., О.К.А., С.И.Т., К.А.К., Ч.Т.Ш. жана К.у.У.