Бишкекте "Музыка тилинде" долбоорунун юбилейлик концерти өттү

Маданият Загрузка... 04 Март 2025 14:57
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
Next
Previous
copyright icon Маданият министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 04.03.25. /Кабар/. Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында эл аралык маданий "Музыка тилинде" долбоорунун юбилейлик концерти бешинчи жолу өткөрүлдү.

Маданият министрлигинен билдиришкендей, бул иш-чара Россиянын Маданият министрлиги тарабынан уюштурулуп, Россотрудничествонун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн колдоосу менен ишке ашты.

Концерт Масленица майрамына жана Эл аралык аялдар күнүнө арналды.

Концерттин жүрүшүндө Москва филармониясынын "Романтик-квартет" тобу, Россиянын эмгек сиңирген артисти, пианист Александр Покидченко, "Голос", "Три аккорда", "Романтика романса" телепроекттеринин катышуучусу, Россиянын эмгек сиңирген артисти Нина Шацкая, ошондой эле "Россия" ансамблинин солисттери жана Россиянын эмгек сиңирген артисти Олеся Евстигнеева өнөрлөрүн тартуулашты.

Ошондой эле Петр Чайковский, Николай Римский-Корсаков, Дмитрий Шостакович, Микаэл Таривердиевдин чыгармалары, орус романс жана элдик обондор жаңырды.

Программанын өзгөчөлүгү катары кыргыз композитору Атай Огонбаевдин "Маш ботой" чыгармасы комузчу Даниэл Маамытов жана "Россия" ансамблинин квартети тарабынан аткарылды. Ал эми кечени Бишкектеги Орус үйүнүн маданий долбоорлорунун куратору Игорь Воронцов алып барды.

Белгилей кетсек, бул долбоордун уникалдуулугу – бир сахнада бир нече атактуу россиялык музыкалык топтор жана аткаруучулар чогуу өнөр көрсөткөндүгүндө болду. Бишкек шаарынын тургундары жана меймандары орус музыкалык маданиятынын мыкты үлгүлөрү менен таанышып, классикалык, романс, джаз жана элдик музыка дүйнөсүнө сүңгүп киришти.

Классикалык музыканы Москва филармониясынын "Романтик-квартет" тобу жана Россиянын эмгек сиңирген артисти, пианист Александр Покидченко сунуштады. Ал эми Кыргызстанда биринчи жолу Россиянын эмгек сиңирген артисти, белгилүү телепроекттердин катышуучусу Нина Шацкая сахнага чыкты.

Мындан тышкары көрүүчүлөр орус элдик музыкасын жана инструменталдык өнөрдү чагылдырган көрүнүктүү топтордун бири – Россиянын эмгек сиңирген артисти Дмитрий Дмитриенко жетекчилик кылган "Россия" ансамблинин инструменталдык жана вокалдык квартеттеринин талантына күбө болушту. Алар элдик жана фолк-поп музыкасынын көрүнүктүү аткаруучуларынын бири, Россиянын эмгек сиңирген артисти Олеся Евстигнеева менен биргеликте сахнага чыгышты.