Бишкек, 16.03.26. /Кабар/. Бишкек шаарындагы "Тазалык", "Бишкекжашылчарба" жана "Бишкек аза кызматтарын көрсөтүү агенттиги" муниципалдык ишканаларынын кызматкерлеринин эмгек акысы 50 пайызга жогорулады. Бул тууралуу мэр Айбек Жунушалиев билдирди.
Мэрдин айтымында, айлык акыны жогорулатуудан тышкары, кызматкерлер мындан ары жылына мурдагыдай эки жолу эмес, төрт жолу сыйлык акы алышат.
Бул тууралуу билдирүү Турак жай-коммуналдык чарба кызматкерлеринин күнүнө карата "Жаштык" аренасында алгачкы жолу өткөрүлгөн иш-чарада айтылды. Салтанатка шаардык муниципалдык ишканалардын 4800дөн ашык кызматкери катышты.
Ошондой эле учурда мэрия тарабынан "Бишкексууканал" ишканасынын жана башка шаардык кызматтардын кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу маселеси каралууда.
Калаа башчысы бул чечим коммуналдык кызматтардын шаардын өнүгүшүнө кошкон салымын жана ишинин маанилүүлүгүн эске алуу менен, ошондой эле кызматкерлерди кошумча колдоо жана мотивдештирүү максатында кабыл алынганын белгиледи.