Бишкекте муктаждарга техникалык жана тиричилик каражаттары берилди

Коом 516 27 Февраль 2026 10:35
644080335_1376330084536661_5392420628577629573_n.jpg
643783450_1376330081203328_3023340771493090282_n.jpg
643940334_1376330111203325_1203695496448875962_n.jpg
Алдыга
Артка
644080335_1376330084536661_5392420628577629573_n.jpg
643783450_1376330081203328_3023340771493090282_n.jpg
643940334_1376330111203325_1203695496448875962_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Эмгек министрлиги

Бишкек, 27.02.26. /Кабар/. Күн мурун Бишкек шаарында муктаж жарандарга техникалык жана тиричилик каражаттары тапшырылды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чара "Ассанабил" коомдук фондунун колдоосу менен "Үмүт жарыгы" долбоорунун алкагында уюштурулуп, ага эмгек министринин орун басары Айнура Орозбаева катышты.

Долбоордун алкагында беш жана андан көп баласы бар үй-бүлөлөргө 7 "Желмаян" жүк ташуучу мототроллери, техникалык реабилитациялык каражаттарга муктаж жарандарга 10 майыптар коляскасы, аз камсыз болгон жана көп балалуу энелерге жеке ишин баштоо үчүн тигүү машиналары берилди.

Орозбаеванын айтымында, мындай кадамдар оор турмуштук кырдаалда турган үй-бүлөлөрдүн экономикалык көз карандысыздыгын бекемдөөгө багытталган.

Эскерте кетсек, бул иш-чара мамлекет менен бейөкмөт уюмдардын ортосундагы социалдык өнөктөштүктүн алкагында ишке ашты.