Бишкекте Мугалимдер күнү белгиленип, мыктыларга акчалай сыйлыктар берилди

Коом 548 02 Октябрь 2025 16:26
557619562_1256783786497473_1887414717531540056_n.jpg
557620962_1256783116497540_1948776971469773036_n.jpg
557636680_1256783863164132_5745926002632665222_n.jpg
557636970_1256783653164153_5442513379870531445_n.jpg
557639109_1256783239830861_2347461460590713682_n.jpg
557693464_1256783023164216_6776609513637663571_n.jpg
557998138_1256783306497521_268229663054848539_n.jpg
558086335_1256783053164213_320837152671056959_n.jpg
558199153_1256783349830850_3836304159625892389_n.jpg
558209133_1256783019830883_810366423577827192_n.jpg
558252446_1256783099830875_1907292086543902089_n.jpg
558349314_1256783159830869_2466024961397597571_n.jpg
558349522_1256783756497476_5235023459673785388_n.jpg
557611836_1256783209830864_6247071441704549139_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Бишкек шаардык мэриясы

Бишкек, 02.10.25 /Кабар/. Бишкектеги Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында 5-октябрь - Мугалимдер күнү салтанаттуу белгиленди.

Мэриядан билдиришкендей, иш-чарага калаа мэри Айбек Жунушалиев, агартуу министри Догдуркул Кендирбаева жана башка ардактуу коноктор катышып, мугалимдерди жана педагогикалык эмгектин ардагерлерин кесиптик майрамы менен куттукташты.

Шаар мэри жылдын мыкты мугалими наамдарын жеңип алгандарга сыйлыктарды тапшырды.

1-орунга 100 миң сомдук, 2-орунга 80 миң сомдук, 3-орунга ээ болгон мугалимдерге 60 миң сомдук сертификаттар берилди.

"Президенттин колдоосу менен акыркы үч жылда 9 мектеп, 15 кошумча окуу корпусу, 23 бала бакча курулду. Бул иштер улантылып, жаңыдан курулган мектептер модернизацияланып, инклюзивдик принциптерге ылайыкталат. Билим берүү мекемелери жыл сайын капиталдык оңдоодон өтөт. 2025-жылы бул максаттарга, анын ичинде мамлекеттик менчикке кайтарылган мекемелерге бир миллиард сомдон ашык каражат бөлүнгөн. Педагогикалык кадрларды толуктоо жана иш менен камсыз кылуу үчүн шаардык казынадан “Жаш мугалимдин депозити” программасына каражат бөлүнүүдө. «Акыркы үч жылда бул долбоорго 300дөн ашык мугалим катышып, алардын 58и болжол менен 8 миллион сомго ээ болушту", - деди Жунушалиев.

Ошондой эле мэр "Жаш мугалимдин депозити" программасын каржылоону көбөйтүү жана алардын кесиптик деңгээлин жогорулатуу пландарын белгиледи.