Бишкек, 18.03.26. /Кабар/. Бишкекте мотоцикл, скутер жана мопед айдоочуларына карата масштабдуу профилактикалык рейддер башталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, рейд жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу, жол кырсыктарынын алдын алуу жана эки дөңгөлөктүү транспорт каражаттарын башкарган айдоочулардын тартибин жогорулатуу максатын көздөйт.
Анда башкармалыктын кызматкерлери айдоочуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, жол кыймылынын эрежелерин так сактоо боюнча эскертүүлөрдү беришүүдө.
Өзгөчө көңүл транспорт каражаттарынын техникалык талаптарына бурулууда. Эгерде кыймылдаткычтын көлөмү (кубаттуулугу) белгиленген талаптарга жооп бербесе же тиешелүү документтери жок болсо, айдоочуларга карата укук бузуулар жөнүндө протоколдор түзүлөт.
Белгиленгендей, мотоцикл, скутер жана мопеддерди тиешелүү документтерсиз башкаруу, ошондой эле техникалык талаптарга жооп бербеген абалда колдонуу жол кыймылынын бардык катышуучулары үчүн олуттуу коркунуч жаратат.