Бишкекте Миграциялык ресурстук борбор түзүү талкууланды

Коом Загрузка... 22 Апрель 2026 10:30
WhatsApp Image 2026-04-22 at 09.59.21.jpeg
copyright icon Жогорку Кеңеш

Бишкек, 22.04.26. /Кабар/. Жогорку Кеңештин төрагасынын биринчи орун басары Медербек Алиев Миграция саясатын өнүктүрүү боюнча эл аралык борбордун (ICMPD) башкы директору Сюзанна Рааб менен жолукту.

Парламенттен билдиришкендей, жолугушуу Вена шаарында өткөн Адам сатууга каршы күрөшүү боюнча альянстын 26-конференциясына катышуунун алкагында өттү.

Жолугушууда Кыргызстандын ICMPD менен кызматташуусунун жогорку маанилүүлүгү белгиленип, аталган уюм натыйжалуу, тең салмактуу жана адам укуктарына багытталган миграциялык саясатты илгерилетүүдөгү негизги өнөктөш катары каралары айтылды.

Кыргызстан эл аралык долбоорлор алкагында мигранттардын укугун коргоо жана кызматташтыкты тереңдетүүгө даяр экени айтылды.

Мындан тышкары, Ош шаарында Миграциялык ресурстук борбор түзүү боюнча ICMPD тарабынан көрсөтүлүп жаткан колдоо жана ушуга окшош демилгени Бишкек шаарында ишке ашыруу маселелери өзгөчө көңүл борборунда болду.

Тараптар ошондой эле практикалык окутууларды өнүктүрүү жана миграция, адам сатууга каршы аракеттенүү жаатындагы билим берүү программаларына эл аралык эксперттердин катышуусун кеңейтүү маселелерин талкуулашты.

Алиев Кыргызстанда ICMPD`нин өкүлчүлүгүн ачуу демилгесинин ишке ашырылышы боюнча жетишилген жыйынтыктар тууралуу маалымат берип, өлкө борбордун ишмердүүлүгү үчүн ишенимдүү аймактык аянтча болууга даяр экенин айтты.

Жыйынтыгында тараптар миграциялык инфраструктураны өнүктүрүү, билим берүү программаларын кеңейтүү жана диаспоралык демилгелерди илгерилетүү багытында өнөктөштүктү мындан ары да чыңдоого өз ара кызыкдар экендиктерин ырасташты.