Бишкек, 16.07.25. /Кабар/. Бишкекте мектептердин жаңы окуу жылына даярдыгы текшерилүүдө.
Муниципалитеттен билдиришкендей, текшерүүгө мэрдин орун басары Виктория Мозгачева, Биринчи май районунун акимининин орун басары Чынара Жаныкеева жана райондук билим берүү башкармалыгынын жана шаардык профилдик кызматтардын өкүлдөрү катышты.
Анда № 18, 107, 78, 54, 19, 83, 15, 6 мектептер, ошондой эле № 99, 93 бала бакчалар текшерилди. Учурда капиталдык жана оңдоо иштери жүрүп жаткан мектептер жана бала бакчаларда жылуулук системаларын алмаштыруу, тамактануу жайларын жана жуунучу жайларды оңдоо, аймактарды жашылдандыруу иштери текшерилди.
Иштин сапатына, белгиленген мөөнөттүн сакталышына өзгөчө көңүл бурулду. Бир катар мектептерде олуттуу кемчиликтер аныкталды.
№ 19 мектеп жылытуу системасын орнотууда подрядчы тарабынан олуттуу кемчиликтер болгон. Мэрдин орун басары техникалык көзөмөлгө тез арада сапатын текшерип, объектти белгиленген талаптарга ылайык келтирүүнү тапшырды.
№ 78 мектепте да жууну жайы сапатсыз оңдолуп, жанаша жайгашкан тилкелер канааттандырарлык эмес абалга келген учурлары катталып, бардык кемчиликтерди тез аранын ичинде жоюу подряддык уюмдарга тапшырылды.
Бардык билим берүү мекемелериндеги аймактардын санитардык абалы өзүнчө каралып чыкты. Айланасындагы дарактар куурап, чөптөр өсүп, каралбай калган. Ал жерлерди иретке келтирүүнү “Бишкек жашыл курулуш” муниципалдык ишканасына тапшырылды.
№ 93 бала бакчада тамактанууну уюштуруу эрежелерин одоно бузуу - менюнун туура эместиги жана тамак-аштын жетишсиздиги аныкталды. Жооптуу адамдар катуу дисциплинардык жоопкерчиликке тартылат.
Муниципалитет ар бир бузуу жекече каралып, бардык учурлар боюнча чара колдонуларын билдирет.