Мэрия мектептерди текшерүүдө: Бишкектеги №66 мектепте мыйзам бузуулар аныкталды

Коом 4 февраль 2026 09:53
1770119746_large.jpeg
1770119726.jpg
1770119730.jpg
Алдыга
Артка
1770119746_large.jpeg
1770119726.jpg
1770119730.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 04.02.26. /Кабар/. 3-февралда Бишкек шаарындагы билим берүү уюмдарында пландан тышкаркы көчмө текшерүүлөр №66 мектепте уланды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, текшерүүнүн жүрүшүндө балдардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча бир катар мыйзам бузуулар аныкталды. Атап айтканда, "Kampa kg" коммерциялык объектисине тиешелүү товарларды түшүрүү үчүн жүк ташуучу унаанын мектептин аймагына киргендиги катталды.

Натыйжада "Kampa kg" дүкөнүнө карата административдик чаралар көрүлүлүп, мектеп аймагына мыйзамсыз кирген айдоочуларга административдик протоколдор түзүлдү.

Мындан тышкары, билим берүү процессин уюштурууга жана мекеменин аймагында тийиштүү тартипти камсыз кылууга байланыштуу эскертүүлөр берилип, тиешелүү тапшырмалар жүктөлдү.