"Мейкин" улуттук журналистика сыйлыгын өткөрүү маселеси талкууланды

Коом 6 март 2026 17:07
WhatsApp_Image_wdS6Hnl.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
WhatsApp_Image_4WIhLsS.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
WhatsApp_Image_d06kwfX.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
WhatsApp_Image_jXCEhu6.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
WhatsApp_Image_kCIZsby.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
WhatsApp_Image_Py4gkrQ.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
WhatsApp_Image_slHUO7S.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
WhatsApp_Image_Sor9Rqx.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
WhatsApp_Image_tB6jPik.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Алдыга
Артка

copyright icon Кабар

Бишкек, 06.03.26. /Кабар/. 2024-жылы президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен байге фонду 10 млн сомду түзгөн "Мейкин" улуттук сыйлыгы негизделген. Бүгүн Бишкекте президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбековдун жетекчилиги астында медиа коомчулуктун өкүлдөрү менен экинчи сынакка даярдык көрүү боюнча кеңешме өттү.

Орунбековдун айтымында, жыйындын жүрүшүндө кесиптештер сынактын форматын жакшыртуу боюнча бир катар сунуштарды беришти. 2024-жылы эң актуалдуу 10 номинация тандалып алынган болсо, бүгүнкү күндүн реалдуулугу темаларды дагы кеңейтүү зарылдыгын көрсөтүүдө.

"Бүгүн биз көптөгөн сунуштарды уктук. Номинациялардын тизмесине жаңы актуалдуу темаларды киргизүү муктаждыгы бар. Ошондой эле материалдарды баалоо критерийлерин өркүндөтүү жана иштерге коюлган талаптарды мазмундук жактан толуктоо боюнча сунуштар айтылды", — деп белгиледи ал.

Дайырбек Орунбеков жакын арада жумушчу топ түзүлүп, сынактын форматы жана өткөрүү мөөнөттөрү боюнча акыркы чечим кабыл алынарын белгиледи. Учурда жаңы идеяларды жана толуктоолорду чогултуу, талдоо иштери жүрүүдө.

"Мейкин" сыйлыгынын негизги максаты журналистика тармагындагы чыгармачылык жетишкендиктерди сыйлоо, кесиптин кадыр-баркын көтөрүү жана медиа адистеринин активдүүлүгүн жогорулатуу болуп саналат.

Эскерте кетсек, 2024-жылы сынакка 250гө жакын иш келип түшүп, анын жыйынтыгы менен 10 жеңүүчү аныкталган. Аларга жалпысынан 10 млн сом өлчөмүндө акчалай сыйлыктар берилген.