Бишкекте медицина кызматкерлери ЖИ менен иштөөнү үйрөнүштү

Коом Загрузка... 25 Февраль 2026 13:55
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясы

Бишкек, 25.02.26. /Кабар/. 24-февралда Саламаттык сактоо кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитети кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу максатында жасалма интеллект (ЖИ) технологияларын колдонуу боюнча окутуу тренингин уюштурду.

Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясынын маалыматына ылайык, иш-чара тармактык адистердин кесиптик даярдыгын арттыруу жана медициналык уюмдардын ишмердүүлүгүнө заманбап санариптик чечимдерди киргизүү максатында өткөрүлдү.

Саламаттык сактоо кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин төрагасы Султан Абдыкадыров тренингди ачып жатып, медицинадагы санариптештирүүнүн маанилүүлүгүнө токтолду:

" Саламаттык сактоодогу кагаз иштерин азайтуу үчүн жасалма интеллектти киргизүү зарыл. Бул медиктердин эмгегин жеңилдетип, тейлөө сапатын жогорулатат. Биз заманбап технологияларды практикага жигердүү киргизишибиз керек ", — деп белгиледи ал.

Окутуунун жүрүшүндө катышуучулар медициналык маалыматтарды талдоо, документ жүгүртүүнү автоматташтыруу, тейлөө сапатын жакшыртуу жана башкаруу процесстеринин натыйжалуулугун жогорулатууда жасалма интеллектти колдонуунун практикалык аспектилери менен таанышышты.

Тренинг Казакстандын саламаттык сактоо жана коомдук тейлөө кызматкерлеринин AQNIET тармактык кесиптик бирлигинин колдоосу менен өттү. Программа практикалык сабактарды, топтук талкууларды жана актуалдуу темаларды талдоону камтып, катышуучуларга баалуу билим алууга жана кесиптештери менен тажрыйба алмашууга мүмкүнчүлүк берди.