Бишкек, 19.08.26. /Кабар/. Бишкекте Кытайдын Кызыл-Суу Кыргыз автономдук облусунун ыр-бий ансамблинин катышуусунда "Манас" музыкалык-хореографиялык спектакли көрсөтүлөт.
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, спектаклдин ачылышы 21-августта Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын Чоң залында өтөт. Көрсөтүү 22-августта да уланат.
Спектаклде музыка, хореография жана сахна өнөрү аркылуу "Манас" эпосунун көркөм дүйнөсү чагылдырылат.
Иш-чара Кыргызстан менен Кытайдын маданий-гуманитардык байланыштарын бекемдөөгө жана чыгармачылык кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган.
Башталышы: саат 19:00.
Кирүү: акысыз.