Бишкекте маданий борбор курула баштады

Коом 3 март 2026 12:22
645203309_1220052546953166_4093167313432995123_n.jpg
646353184_1220052520286502_2723012700658701787_n.jpg
645406172_1220052576953163_1560491935676999581_n.jpg
643527961_1220052406953180_2690205795781521508_n.jpg
643927236_1220052433619844_1886250820465143994_n.jpg
643985558_1220052183619869_6805393883297040772_n.jpg
644236348_1220052180286536_2104995559799639194_n.jpg
644938247_1220052600286494_5555726361215247727_n.jpg
645366096_1220052310286523_6983681643513085448_n.jpg
645409121_1220052240286530_597667852178318695_n.jpg
645517158_1220052486953172_3731471583495639671_n.jpg
646072815_1220052290286525_3261989069941710693_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Маданият министрлиги

Бишкек, 03.03.26. /Кабар/. Бүгүн Бишкекте жаңы көп функционалдуу маданий борбордун курулушу башталды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Аталган борбордун курулушу мэриянын колдоосу менен ишке ашырылууда.

Ачылыш аземине катышкан маданият министри Мирбек Мамбеталиев министрлик менен Бишкек мэриясынын ортосундагы тыгыз жана натыйжалуу кызматташтыкты белгиледи.

"Жаңы борбор театралдык коюуларга, концерттерге, кино көрсөтүүлөргө, жаштар демилгелерине жана билим берүү программаларына кеңири аянтча болуп, чыгармачылыктын, диалогдун жана креативдүү индустриянын өнүгүүсүнө өбөлгө түзгөн маанилүү мейкиндикке айланат", - деди.

Белгилей кетсек, "Чатыр-Көл" кинотеатрынын эски имараты 2009-жылы министрликтин карамагында турган "Учур" мамлекеттик жаштар театрынын имараты катары бекитилген, бирок 2025-жылы авариялык абалда деп табылып, бузууга чечим чыгарылган. Андан соң имарат Бишкек шаарынын мэриясынын балансына өткөрүлүп, каражат бөлүнүп, заманбап курулуштун башталышын камсыз кылды.