Бишкек, 30.04.25. /Кабар/. Бишкекте Кыргызстан менен Кытайдын кызматташтыгынын алкагында маданий мурастарды коргоо боюнча биргелешкен лаборатория ачылды.
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, бул демилге 2024-жылдын август айында Кытайдын Дунхуань академиясы менен Кыргызстандын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин алдындагы Тарыхый жана маданий эстеликтерди коргоо боюнча республикалык инспекциясынын ортосунда түзүлгөн өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумдун негизинде ишке ашырылды.
Ачылыш аземде тараптар лабораториянын техникалык камсыздоосу боюнча атайын келишимге да кол коюшту.
Кытай тараптан лабораторияга 25 млн сомдук атайын жабдуулар белек катары берилди. Бул жабдуулар Кыргызстандагы тарыхый жана маданий мурастарды изилдөө, калыбына келтирүү жана коргоо иштерин жаңы деңгээлге чыгарууга багытталган.
Министрликтен белгилешкендей, биргелешкен лаборатория Кыргызстан менен Кытайдын тарыхый байланыштарын тереңдетүүгө, маданий мурастарды сактоо боюнча илимий жана практикалык кызматташтыкты чыңдоого өбөлгө түзөт.