Кыргыз-кытай кызматташтыгынын мүмкүнчүлүгү зор – Айдосов

Пикир 31 август 2026 13:25
Кыргыз-кытай кызматташтыгынын мүмкүнчүлүгү зор – Айдосов

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 31.08.26. /Кабар/. Жакында өткөн Кыргыз-Кытай экономикалык форумунда 300 млн долларлык долбоорлор боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Бул тууралуу серепчи Айболот Айдосов “Биринчи радиодон” билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан менен Кытайдын мамилеси бүгүнкү күндө сөздөр менен эмес, конкреттүү долбоорлор менен өзүн көрсөтүп турат.

“Эң негизгиси — Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу. Бул темир жолдун курулушу Кыргызстанды туюк өлкөдөн чыгарып, дүйнө жүзүндөгү ири рынокторго — Европа, Америка, Азия жана Араб өлкөлөрүнө жол ачып берет”, — деди Айдосов.

Анын белгилешинче, мындан тышкары санариптештирүү, жасалма интеллект жана альтернативдүү энергетика багыттарында да чоң долбоорлор алдыда турат.

“Мен ойлойм, алдыда дагы чоң мүмкүнчүлүктөр турат. Кыргызстан өнүгүү жолуна түштү. Албетте, бул Кытайга да керек болуп турат. Ошол себептен, кызматташтыктын натыйжасы алдыда”, — деди Айдосов.