Бишкек, 10.11.25 /Кабар/. Бүгүн борбор калаада өлкөнүн жаштар саясатынын эң ири иш-чарасы болгон “Кыялымдагы Кыргызстан” жаштар форуму өтүүдө.
Иш-чарага “Кыргызстан жаштар кыймыл” коомдук бирикмесинин өкүлдөрү жана борбор калаа жана өлкөнүн аймактарынан келген 5000ден ашуун активисттер, студенттер, волонтёрлор, жаш ишкерлер жана жаштар уюмдарынын өкүлдөрү катышууда.
Бул форум “Кыргызстан жаштар кыймылы” коомдук бирикмеси жана Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосу менен уюштурулган. Ал өлкөнүн жаш лидерлерин, ишкерлерин, активисттерин жана чыгармачыл жаштарын бириктирген маанилүү коомдук платформа болуп саналат.
Максаты - жаштарды бириктирүү, жергиликтүү демилгелерди колдоо жана жаштар менен бийлик, бизнес жана эл аралык уюмдардын түз диалогун камсыз кылуу.
Белгилей кетсек, иш-чара бүгүнкү жаштардын эл аралык майрамын утурлай өткөрүлүүдө. Ошондой эле форум менен биргеликте жаңы курулуп бүткөн кичи аренанын ачылышы болууда.