Бишкекте Кытайда өткөн Глобалдык аялдар саммити талкууланды

Коом Загрузка... 22 Октябрь 2025 15:20
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар Кабар

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 22.10.25 /Кабар/. Бүгүн Бишкекте “Глобалдык аялдар саммитинин жыйынтыктары жана Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы достук менен кызматташтыкты өнүктүрүүдөгү аялдардын ролу” аттуу брифинг өттү. Иш-чара Кыргызстан аялдар конгресси тарабынан уюштурулду.

Брифингге Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Лю Цзянпин, Аялдар конгрессинин президенти Замира Акбагышева, БУУнун Кыргызстандагы туруктуу координатору Антье Граве, БУУнун Аялдар түзүмүнүн өкүлү Садик Сайед, ишкер айымдар жана ЖМК өкүлдөрү катышты.

Иш-чарада аялдардын эл аралык кызматташтыктагы жана коомдук өнүгүүдөгү орду, Кытай жана Кыргызстан аялдарынын ортосундагы достук байланыштарды чыңдоо маселеси талкууланды.

Замира Акбагышева өз сөзүндө эки өлкөнүн аялдарынын ортосундагы кызматташтыкка жана анын алкагында жасалып жаткан иштерге токтолуп жатып, Beijing+30 саммитинде аялдардын демилгелерин колдоого багытталган каржылык жардамды кеңейтүү жана глобалдык жергиликтүү программалар үчүн кошумча ресурстарды бөлүү тууралуу сүйлөшүүлөр болду. Биз бул жаатта элеттеги аялдар үчүн санариптештирүү борборлорунун филиалдарын ачтык. Саммитте дагы бул багыттагы жетишпестиктерди жоюу керек деген маселе көтөрүлдү. Андан сырткары аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө, чечим кабыл алууга катышуусун жогорулатууга жана акысыз эмгекти азайтууга чакырыктар жасалды”,-деди.

Ал эми Кытай элчиси Лю Цзянпин аталган өлкө көп убакыттан бери аялдар кыймылын дүйнөлүк деңгээлде колдоп келе жаткандыгын белгиледи. “Аялдардын жана балдардын саламаттыгын чыңдоо, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн кыздарына билим алуу мүмкүнчүлүгүн берүү, аялдардын кесиптик даярдыгын колдоо сыяктуу долбоорлор ишке ашырылууда. Андан сырткары глобалдык дүйнөдө актуалдуу болуп жаткан айымдардын санариптик сабаттуулугуна көңүл бурулууда”-деди ал.

Белгилей кетсек, 13-14-октябрда Кытайдын Пекин шаарында өткөн Глобалдык аялдар саммитине 110дөн ашык өлкө жана эл аралык уюмдардан 800гө жакын делегат, анын арасында Кыргызстандан Аялдар Конгрессинин президенти Замира Акбагышева башында турган делегация катышкан. Кытай өлкөсү саммит учурунда бул багытка 110 млн доллар бөлө тургандыгын жарыялап, анын 10 млн доллары — UN Women уюмуна, 100 млн — “Глобалдык Түштүк” менен өнөктөштүк боюнча Кытай фондуна бериле тургандыгын билдирген.