Бишкекте кырсыктардын тобокелдигин азайтууга багытталган конференция өтүүдө

Коом Загрузка... 08 Октябрь 2025 11:55
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар Кабар

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 08.10.25 /Кабар/. Бүгүн Бишкекте Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан уюштурулган “5-октябрь – Кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнүнө” карата VI илимий-практикалык конференция өтүүдө.

“Кырсыктардын тобокелдигин азайтуу тутумуна эл аралык тажрыйбаларды бириктирүү, колдонуу” темасындагы бул эл аралык иш-чарага БУУ тутумунун туруктуу координатору Антье Граве, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин башчысы Фолькер Фробарт, Япониянын Өрттү башкаруу жана кырсыктарга каршы күрөшүү агенттигинин башчысы Катсуя Хисано, Дүйнөлүк банк, БУУнун Өнүктүрүү программасынын өкүлдөрү жана башка бир катар дүйнөлүк уюмдар, тажрыйбалуу эксперттер катышууда.

Конференциянын жүрүшүндө өлкөдөгү табигый, техногендик кырсыктарды азайтуу системасында эл аралык тажрыйбаларды жана инновацияларды интеграциялоо, кызматташтыкты бекемдөө жана жаңы аракеттер талкууланууда.

Анда өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары Азамат Мамбетов конференциянын максаттарына жана маанилүүлүгүнө токттолуп жатып, “Бул күн жөндөн жерден чыккан эмес. 2005-жылы Алай районуна караштуу Нура айылында 8 баллдык катуу жер титирөө болуп, 75 жараныбыз каза болгону маалым. Андыктан, бул дата жогоруда аталган адамдарды түбөлүктүү эскерүү жана жарандардагы өзүнүн коопсуздугун коргоо маданиятын жогорулатуу максатында тандалып алынган. Мунун негизинде 2018-жылдан бери 5-сентябрдан 5-октябрга чейин бир айлык өтүп, республиканын аймагында кырсыктардын тобокелдигин азайтууга багытталган иш-чаралар жүргүзүлүп келет. Алардын катарына ачык эшиктер, жер-жерлерде элдин маалымдуулугун жогорулатуу иш-чаралары, жөө жүрүштөр, даярдыктарды жогорулатуу, ар кандай машыгуу иштери өткөрүлөт. Учурда VI конференция өтүүдө. Мында буга чейин бир айдын ичинде жүргүзүлгөн изилдөө иш-чараларынын жыйынтыгына жана эл аралык тажрыйбаларга таянуу менен бир жылдык иш пландары түзүлүп, ошонун негизинде алдыда иштер алып барылат”,-деп белгиледи.