Бишкекте Кыргызстан менен Монголиянын президенттери жолукту — Кабар

Бишкекте Кыргызстан менен Монголиянын президенттери жолукту

Президент 31 август 2026 17:10
2.jpg
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 31.08.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 31-августта VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине жана “ШКУ+” форматындагы жолугушууга катышуу үчүн Кыргызстанга келген Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө мамлекет башчылары кылымдарды карыткан тарыхый жана маданий байланыштарга, жалпы салт-санаага жана руханий баалуулуктарга, ошондой эле улуу көчмөн цивилизацияларынын орток мурасына негизделген кыргыз-монгол мамилелеринин достук жана ишенимдүү мүнөзүн белгилешти.

3

Кыргызстандын президенти азыркы этаптагы негизги милдеттердин бири – эки өлкөнүн ортосундагы жогорку деңгээлдеги саясий ишенимди ишкердик байланыштарды өнүктүрүүгө көмөктөшүүчү жана Кыргызстан менен Монголиянын жарандары менен бизнесине практикалык пайда алып келүүчү конкреттүү соода-экономикалык, инвестициялык жана транспорттук-логистикалык долбоорлорго айландыруу экенин айтты.

Мамлекет башчысы Кыргызстан БУУнун алкагында эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча Монголия менен тыгыз координация жүргүзүүгө даяр экенине токтолду.

Жолугушууда эл аралык кызматташтык жана экологиялык күн тартиби, анын ичинде туруктуу өнүгүү жана айлана-чөйрөнү коргоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүгө өзгөчө көңүл бурулду.

Тараптар конструктивдүү саясий диалогду улантууга жана кыргыз-монгол кызматташтыгын кеңири багыттар боюнча ырааттуу өнүктүрүүгө даяр экендиктерин ырастап, конкреттүү биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга өзгөчө маани беришти.