Бишкекте Кыргызстан менен Грузия ТИМ башчылары кызматташтыкты талкуулады — Кабар

Бишкекте Кыргызстан менен Грузия ТИМ башчылары кызматташтыкты талкуулады

Саясат 12 июнь 2026 09:55
e671e76e-1b2e-37d3-b14a-8ace3487752f.jpeg
a30c030f-9e90-3de9-bd77-58f4fecf5750.jpeg
b8070313-d5c9-3b83-b7c3-724bfee5ca2c.jpeg
95ba96c7-a080-3036-83bb-15e767ce4bd6.jpeg
25f7e82e-6d42-329f-bbd8-71d492f22068.jpeg
3e8d6f45-fe48-3af6-893d-07de8b2abc80.jpeg
Алдыга
Артка
e671e76e-1b2e-37d3-b14a-8ace3487752f.jpeg
a30c030f-9e90-3de9-bd77-58f4fecf5750.jpeg
b8070313-d5c9-3b83-b7c3-724bfee5ca2c.jpeg
95ba96c7-a080-3036-83bb-15e767ce4bd6.jpeg
25f7e82e-6d42-329f-bbd8-71d492f22068.jpeg
3e8d6f45-fe48-3af6-893d-07de8b2abc80.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Тышкы иштер министрлиги

Бишкек, 12.06.26. /Кабар/. Күн мурун Бишкек шаарында Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Грузиянын премьер-министринин орун басары — тышкы иштер министри Мака Бочоришвили менен жолугушуу өткөрдү.

ТИМден билдиришкендей, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар кыргыз-грузин кызматташтыгынын учурдагы абалын жана келечегин талкуулап, саясий диалогду мындан ары өнүктүрүүнүн жана эки тараптуу өнөктөштүктү чыңдоонун маанилүүлүгүн белгилешти.

Жолугушуунун катышуучулары ошол эле күнү Бишкек шаарында өткөн Кыргыз-грузин соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиясынын экинчи жыйынынын жыйынтыктарына өзгөчө көңүл бурушту.

Тараптар соода, транспорт, туризм жана санариптештирүү тармактарындагы өз ара аракеттенүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңири карап чыгып, эл аралык жана аймактык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашты.

Грузиянын тышкы саясий ведомствосунун башчысы кыргыз тарапты Кыргызстандын 2027–2028-жылдарга Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланышы менен куттуктады. Мындан тышкары, Мака Бочоришвили аталган шайлоо өнөктүгүн өткөрүү боюнча Кыргызстандын тажрыйбасын изилдөөгө кызыкдар экендигин билдирди.

Өз кезегинде Жээнбек Кулубаев грузин тарапты 2027-жылдын октябрь айында өтө турган экинчи Тоо саммитине катышууга чакырды.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тараптар кыргыз-грузин кызматташтыгын мындан ары кеңейтүүгө жана бардык деңгээлдерде жигердүү диалогду сактоого өз ара кызыкдар экендиктерин ырасташты.

Белгилей кетсек, жолугушуу Грузиянын премьер-министри Ираклий Кобахидзенин Кыргызстанга расмий сапарынын алкагында өттү.